Ссылки доступа

COVID-19: Казакстанда 610 киши каза болду, дагы 150 бейтаптын өлүмүнүн себеби аныкталууда


Казакстанда коронавирус инфекциясынан каза болгон бейтаптардын саны 610го жетти.

Бул тууралуу шейшемби күнү өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой брифингде билдирди.

Министрдин орун басары Ажар Гиният атайын комиссия дагы 150 кишинин өлүмүнүн себептерин аныктоо менен алектенип жатканын кошумчалады.

Өлкөдөгү COVID-19га байланышкан расмий маалыматтарды жарыялаган coronavirus2020.kz сайтында каза болгондордун саны 585 деп көрсөтүлгөн. Буга 13-июлдан 19-июлга чейинки аралыкта көз жумган 210 бейтап кошулган. Саламаттык сактоо министрлиги июндун аягынан тартып коронавирустан каза болгондор тууралуу статистиканы жумасына бир гана жолу жарыялоого өткөн. Мекеме мындай чечимин жер-жерлердеги адистер бейтаптардын өлүмүнүн себептерин аныктоого жетишпей калып жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Жалпы статистикага анализинен вирус табылып, бирок өлүмүнүн себеби катары пневмония көрсөтүлгөн жүздөгөн бейтап кошулган эмес.

Расмий маалыматтарга караганда, Казакстанда жыл башынан 15-июлга чейин 234 миң киши пневмонияга чалдыгып, алардын 3 327си каза болгон. Көз жумгандардын 1,5 миңден ашыгы июлдун биринчи жарымына туура келет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө коронавирус жуктурган 73,4 миң кишинин 45 миңден ашыгы же 60% айыкты.

Видео

XS
SM
MD
LG