Ссылки доступа

Украинада барымтага алынган автобус жүргүнчүлөрү бошотулду


Украинанын батышындагы Луцк шаарында барымтага алынган автобус жүргүнчүлөрүнүн баары бошотулду.

Бул тууралуу 21-июлда өлкөнүн ички иштер министри Арсен Аваков билдирди.

Барымтадагы адамдар бошотулардан бир саат мурда Украинанын президенти Владимир Зеленский соцтармактарга 2005-жылы тартылган «Земляне» деген документалдык тасманы көрүүнү сунуштаган видео жүктөгөн. Бул тасма тууралуу видео жарыялоо — жүргүнчүлөрдү барымтага алган кишинин талаптарынын бири болгон. Ал автобустун ичиндеги кишилерди да адамдын жаныбарларды кордогондугу жөнүндөгү бул тасманы көрүүгө мажбурлаган.

Тасма соцтармактарга чыккандан кийин кылмышкер кош бойлуу келинди, улгайган аялды жана бир кичинекей баланы кое берген. Бирок андан кийинки сүйлөшүүлөргө карабастан, башка жүргүнчүлөр бошотулган эмес. Мындан улам күч кызматкерлери автобуска чабуул жасап, кылмышкерди колго түшүрүштү.

Берестечко айылынан Красниловка кыштагын көздөй бараткан автобустун 20 жүргүнчүсү 21-июлда Луцк шаарынын борбордук бөлүгүндө барымтага алынышкан. Кылмышкер автобуска жакындаган полиция кызматкерлерине ок атып, граната ыргыткан. Бирок ал жарылбай калган. Ал кимдир-бирөө жакындаса, автобусту жардырып жиберерин айткан.

«Волинських новин» басылмасынын маалыматына караганда, жүргүнчүлөрдү буга чейин эки жолу соттолгон Максим Кривош аттуу жаран барымтага алган.

Автобус жүргүнчүлөрүн барымтага алган Максим Кривош. Сүрөт – Украина полициясы
Автобус жүргүнчүлөрүн барымтага алган Максим Кривош. Сүрөт – Украина полициясы

Unian сайты Кривош 2014-жылы Максим Плохой деген каймана ысым менен «Кылмышкердин философиясы» деген китеп чыгарганын жазды. Анда ал өзүнүн оор криминалдык жашоосу жөнүндө баяндап, өзүн Кудайга салыштырган. Мындан тышкары окурмандарга философиялык көз караштары жөнүндө айтып берген.

«Общественное» басылмасынын маалыматына караганда, кылмышкер буга чейин социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына «Украинадагы системага нааразы болгон» билдирүүлөрдү көп жазган.

Луцк шаарында адамдардын барымтага алынышы фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Украинанын Кылмыш кодексинде бул кылмыш үчүн 7 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

XS
SM
MD
LG