Ссылки доступа

Казакстан мектептеринде окуучулар биринчи чейректи аралыктан окушат


Казакстандык окуучулар биринчи чейректи толугу менен аралыктан окушат. Бул тууралуу өлкөнүн билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов билдирди.

Ал андан кийинки чейректер тууралуу чечим эпидемиологиялык кырдаалга жараша болорун белгиледи. Ошол эле маалда министр экинчи, үчүнчү жана төртүнчү чейрек үчүн методикалык куралдар менен сабактарды даярдоо боюнча иш жүрүп жатканын айтты.

Аткаминер алыскы аймактардагы окуучулары аз мектептер жана башталгыч класстардын окуучулары салттуу форматта окуй турганын белгиледи. Бирок бул үчүн ата-энелер арыз жазып бериши керек.

Бул үчүн класстарда балдардын саны 10-15тен ашпоосу керек. Мектептерде салттуу линейкалар, массалык иш-чаралар жыл соңуна чейин өткөрүлбөйт. Министрдин айтымында, эпидемиологиялык абал жакшырса, алгач башталгыч класстар, андан соң бешинчи, алтынчы, кийинчерээк жогорку класстар штаттык форматка кайтат.

Министр аралыктан окутуу учурунда мугалимдерге күч келип жатканын мойнуна алып, бирок алардын айлык акысы быйыл жогорулабай турганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG