Ссылки доступа

Түркмөнстанда банкоматта кезекте турган аял кайтыш болду


Лебап облусунун Фарап районунда банкоматка кезекке турган кишилер мушташа кетип, бир аял кайтыш болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди.

"Фарапта банкоматтардын алдында күнүгө кезек. Кишилер 45 градус ысыкта турууга мажбур. Бул жерлерде күнүгө уруш болуп турат. Ушул аптада ушундай бир мушташтан бир аял өлдү", - деди ал.

Анын айтымында, кайгылуу окуя 20-июлда болгон. “Дайханбанк” банкынын банкоматында кезекте тургандар мушташып, 65 жаштагы аял тебелендиде калган. Ал ооруканага жетпей, жолдо үзүлгөн.

”Дайханбанк” аялдын өлгөнү тууралуу маалыматты тастыктап, бирок анын өлүмүнө кан басымынын көтөрүлүп кеткени себеп болгонун билдирди.

Бул арада “Азаттыктын” түркмөн кызматы банкоматтарда акча тартыш экенин, банкоматтар жайгашкан соода борборлору жабылганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG