Ссылки доступа

Тажикстанда Курман айтта коронавируска байланыштуу жапырт намаз окулбайт


Тажикстанда Курман айт майрамы 31-июлда белгиленет. Бирок коронавируска байланыштуу жапырт намаз окулбайт.

Бул тууралуу 22-июлда өлкөнүн Дин, улуттук салт-санааларды жөнгө салуу комитетинин башчысы Сулаймон Давлатзода билдирди.

Комитет мусулмандарды майрам күнү мурдагыдай, үймө-үй кыдырып айттоону токтотууга чакырды.

Тажикстан Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 7015 кишиге жетип, 58 киши өлдү.

XS
SM
MD
LG