Ссылки доступа

Кыздарды жазалоого үндөгөндөр сынга кабылды (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдардын логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Кыздарды жазалоого үндөгөндөр сынга кабылды. Москвада башка улуттун эркектери менен мамиле курган кыздарды таап, жазалоого чакырган видео тарады. Бул видео Интернетте кызуу талкууга алынып, мындай чакырык адам укугуна шек келтирээри тууралуу сөз болду. (видео)

- Оооганстанда өспүрүм кыз ата-энесин атып кеткен жоочуларды өлтүрдү. (видео)

- Нур-Султанда жардам сураган эки аял балдары менен өкмөт имаратынын жанына келди. (Казакстандан видео)

- COVID-19дун алты түрү. (инфографика)

- Жардамга муктаждарга 5 556 теңге. Ага эмне сатып алса болот? (видео)

- Эки жыл мурда Орусияда беш жашар тажикстандык кызды зордуктап, өлтүрүп кетишкен. Кылмышкерлер бүгүнкү күнгө чейин жазалана элек. (Настоящее время)

- «Өлүп баратсаң да тез жардам жок»: Өзбекстанда коронавируска чалдыккандардын арыз муңу. (видео)

- Беларуста журналисттер ЖМКларга басымды токтотууну талап кылышууда. (Настоящее время)

- Украинада барымтага алынган автобус жүргүнчүлөрү бошотулду. (видео)​

- Тажикстанда пандемияда дары-дармекти кымбаттаткан дарыканалар жазаланат. (видео)

- Сугат суусуз калган Каракалпакстандын тургундары магистралдык жолду тосушту. (Өзбекстандан видео)

- Түркмөнстанда укук коргоочу Тухбатуллин көптөгөн белгилүү кишилер коронавирустан көз жумганын, бийлик муну жашырып жатканын билдирди. (Настоящее время)​

- Москвадагы тажикстандыктар мекенинде камакта жаткандарды колдоо үчүн футбол ойношту. (видео)

- Марат тарткан мыкты сүрөттөр. Бала кезинде катуу оорудан улам укпай жана сүйлөбөй калган көлдүк Марат элди таң калтырган сүрөттөрдү тартат. Көл жээгиндеги эс алуу жайларында жана жеке үйлөрдө жаралган эмгектерине өзгөчө туристтер көңүл бурушат. (видео)

- «Суу болбосо, гигиенаны кантип сактайбыз?» Алматынын четиндеги суу көйгөйү. (видео)

- Петербургда курулушта иштеген өзбекстандыктар иш ташташты. (видео)

- Тажикстанда окуучулар 17-августта мектепке барышат. (видео)​

- Азия 360°: Майлуу-Суу. (видео)

- Атасы пневмониядан каза болгон кыз дарыгерлерге жардам берүүдө. (Казакстандан видео)​

- Тажикстандык саясий активист Хизбулло Шовализода камакта калат. (видео)

- Казакстандагы жашоо минимуму: динамика. (инфографика)

- Иран Тегеранда атып түшүрүлгөн украин учагынын «кара кутусун» Францияга берди. (Настоящее время)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

Видео

XS
SM
MD
LG