Ссылки доступа

Казакстанда бир суткада 1 646 кишиден коронавирус аныкталды


Казакстанда бир суткада 1 646 киши коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу бейшемби күнү өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Нур-Султан шаарында 236, Алматыда 216, Караганды облусунда 140 жана Атырау облусунда 138 жаңы учур катталды.

Жалпысынан өлкө боюнча вирус жуктургандардын саны 76 799 кишиге жетти. Алардын ичинен 48 220сы айыгып чыкты. Саламаттык сактоо министрлиги 21-июлга карата берген маалыматка ылайык, 610 бейтап каза болду. Министрлик июндун аягынан тартып коронавирустан каза болгондор тууралуу статистиканы жумасына бир гана жолу жарыялоого өткөн. Мекеме мындай чечимин жер-жерлердеги адистер бейтаптардын өлүмүнүн себептерин аныктоого жетишпей калып жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Жалпы статистикага анализинен вирус табылып, бирок өлүмүнүн себеби катары пневмония көрсөтүлгөн жүздөгөн бейтап кошулган эмес.

Расмий маалыматтарга караганда, Казакстанда жыл башынан 15-июлга чейин 234 миң киши пневмонияга чалдыгып, алардын 3 327си каза болгон. Көз жумгандардын 1,5 миңден ашыгы июлдун биринчи жарымына туура келет.

XS
SM
MD
LG