Ссылки доступа

ДССУ Өзбекстанга 4 миллион долларлык гуманитардык жардам берди


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавируска каршы күрөшүү үчүн Өзбекстанга 4 миллион долларлык гуманитардык жардам берди.

Жеке коргонуу каражаттарынан, анын ичинде коргоочу көз айнектер (95 200 даана), халаттар (178 000 даана), хирургиялык беткаптар (12 000) жана респиратордук KN95 беткаптарынан (1 064 000 даана) турган жардамдын жалпы салмагы 84 тоннаны түзөт.

ДССУ 8-июлда да Өзбекстанга 619 400 даана адамдын жүзүн коргоочу экран жана 2 176 000 даана хирургиялык беткаптан турган гуманитардык жардам жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG