Ссылки доступа

Тажикстан менен Орусия эмгек мигранттарына пенсия төлөө маселеси боюнча макулдашты


Көптөгөн талкуулардан кийин Тажикстан менен Орусиянын бийлиги эмгек мигранттарына пенсия төлөө маселеси боюнча бир пикирге келишти.

Бул боюнча келишимге тараптар коронавирус пандемиясы аяктагандан кийин кол коюшат деп күтүлүүдө.

Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу жана пенсия агенттигинин башчысы Дилмурод Давлатзоданын айтымында, Орусия тажикстандык эмгек мигранттарына пенсия төлөөгө макул болду. «Биздин жарандардын пенсияга чыгууда Тажикстанда кандай жеңилдиктери болсо, Орусияда да ошондой болот. Тактап айтканда, Орусияда иштеп, социалдык салык төлөп жаткан мигранттар ошол жакта пенсия алуу укугуна ээ болушат», — деди ал.

Тажикстандык эмгек мигранттарын пенсия менен камсыз кылуу тууралуу Душанбе менен Москванын ортосундагы келишимдин долбоору 2016-жылы августта даярдалган. Анда Тажикстандын Эмгек жана миграция министрлиги эки өлкөнүн эксперттери келишимдин аткарылышынын механизмдерин макулдашып жатканын билдирген.

Ушу тапта Орусияда жумуш берүүчүлөрдүн көбү чет өлкөлүк мигранттарды эмгек келишими жок ишке алууга басым жасашат. Мигрантта башка тандоо жок болгондуктан, ал жумуш берүүчүнүн шарттарына макул болууга аргасыз болот. Мындай мигранттар кийин пенсия ала алышпайт.

Тажикстандын Илимдер академиясына караштуу Экономика жана демография институтунун миграция бөлүмүнүн башчысы Анвар Бабаев кол коюлган келишимди ишке ашыруу боюнча механизмдер жакшылап иштелип чыгышы керек деп эсептейт.

«Келишимге кол коюлганга чейин аны ишке ашыруу боюнча бардык механизмдер иштелип чыгышы керек. Мисалы, азыр эмгек мигранты төлөп жаткан социалдык салыктардын бардыгы Орусияда топтолот. Ал жумуш берүүчүдөн салыктар төлөнгөндүгү тууралуу расмий маалымкат алып, аны Тажикстандын Пенсиялык бөлүмүнө бериши зарыл. Ушул сыяктуу келишимди ишке ашыруунун башка да маселелери иштелип чыгышы керек. Болбосо, кол коюлгандан пайда болбойт», — деди Бабаев.

2020-жылдын биринчи жарымында тажикстандык эмгек мигранттары мекенине 999 миллион доллар которушту.

Тажикстан — дүйнөдө экономикасы эмгек мигранттарынын акча которууларына көз каранды болгон өлкөлөрдүн бири.

Видео

XS
SM
MD
LG