Ссылки доступа

Түркмөн бийлиги Эгемендүүлүк жана Бейтараптык күндөрүн майрамдоого даярдык көрүүдө


Түркмөн бийлиги дүйнөдө COVID-19дун жайылып жатканына жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) сунуштарына карабастан, Эгемендүүлүк күнүнө жана Бейтараптуулуктун 25 жылдыгына даярданууда.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, өкмөт демонстрацияларды, майрамдык иш-чараларды, концерттерди жана башка массалык салтанаттарды өткөрүүгө даярдануу маселесин талкуулап жатат.

Дүйнөдө коронавирус пандемиясы башталгандан бери Түркмөнстанда Нооруз, Ден соолук күнү, Түркмөн аргымагынын күнү, Жеңиш күнү, Велосипед күнү жана Президенттин туулган күнү өңдүү майрамдар көп кишинин катышуусунда белгиленген.

Ушу тапта Түркмөнстанда жарандардын коомдук жайларга баруусуна киргизилген чектөөлөр күчүндө. Коронавирус жок экенин билдирип келаткан өлкөдө базарлар, соода борборлору, кызмат көрсөтүүчү, көңүл ачуучу мекемелер, спорттук жана тамактануу жайлары жабылган. Жарандар коомдук жайларда социалдык аралыкты сактоого жана беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирилген.

Акыркы кездери өлкөдө COVID-19га мүнөздүү болгон белгилер менен коштолгон оорулар күч алып, андан каза болгондор көп катталууда.

Түркмөнстан Эгемендүүлүк күнүн сентябрдын аягында, Бейтараптык күнүн декабрда белгилейт. Мамлекет башчы майрамдар менен салтанаттуу иш-чаралардын дайыма жогорку деңгээлде өткөрүлүшүн талап кылып келет.

Бирок ушу тапта бул майрамдарга карата курулуп жаткан объектилердин көбүндө иш токтоп турганы кабарланууда.

Видео

XS
SM
MD
LG