Ссылки доступа

Нур-Султандын кире бериштерине полиция посттору коюлду


Нур-Султан шаарынын кире бериштерине полиция посттору коюлду. Бул тууралуу 24-июлда шаардык полиция департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, полиция кызматкерлери жашоочуларды эс алуу жайларына жана көп адам чогулган жерлерге барбоого чакырууда.

Өлкөнүн ички иштер министри Ерлан Тургумбаев жума күнкү брифингде Түркстан облусундагы казак жана өзбек улутундагы жарандар жашаган Шорнак айылындагы жаңжалдан кийин «кастыкты козутуу жана жалган маалымат таратуу» фактылары боюнча тергөө башталганын билдирди. Бийликтин маалыматына ылайык, 21-июлга караган түнү аталган айылдын тургундарынын ортосунда турмуш-тиричилик деңгээлиндеги чыр чыгып, «мушташ жана таш ыргытуу» менен аяктаган. Полициядан жаңжалда төрт киши, анын ичинде аймактык тескөөчү жаракат алганын билдирди. Бул окуядан кийин Шорнак айылынын кире беришине полиция посттору коюлган. ИИМ башчысынын айтымында, ушу тапта аталган айылда ыкчам-алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары министр Караганда облусунун Сатпаев шаарында кичинекей кыздын ыктымал зордукталышынан кийин коомдук тарипти бузгандар изделип жатканын билдирди. Жергиликтүү тургундардын бири беш жашар кызды уурдап, батиринде күчтөп кармап тургандыгы жөнүндө кабар тарагандан кийин шаардын жүздөгөн тургуну жумага караган түнү көчөлөргө чыгышкан. Алар шектүүнүн үйүнүн алдына чогулуп, аны сотсуз жазалоо үчүн жашоочуларга өткөрүп берүүнү талап кылышкан. Окуя болгон жерде тартылган делген видеодо өрттөнүп жаткан автоунааларды, топтолгон адамдарды көрүүгө болот.

Полиция шектүү өзүнүн батиринде кармалганын, жанында беш жашар кыз болгонун билдирди. Укук коргоо органдары эки берене, анын ичинде «Зордуктоо» беренеси боюнча тергөө иштерин башташты.

XS
SM
MD
LG