Ссылки доступа

Тажикстан бийлиги: Орусиядагы мигранттарга 12 млн рубль жардам берилген


Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министри Нурулло Махмадуллозода пандемия учурунда Орусиядагы эмгек мигранттарына улуттук диаспоралар аркылуу 12 миллион рублдик каржылай жана башка жардам берилгенин билдирди.

«Биз мындан тышкары Орусиядагы тажик дарыгерлерин ооруп жаткан мигранттарга кеңеш берүү иштерине тарттык», - деди дипломат.

Бирок укук коргоочу Каримжон Ёров жардамды диаспоралар эмес, колунда бар кишилер бергенин айтты.

«Шаарлардагы диаспоралар эч кандай жардам беришкен жок. Аларга кайрылган бардык мигрантарды бизге жөнөтүп жатышты. Бир айда базарлардагы бригадирлер мигранттарга 24 тонна азык-түлүк таратты. Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министрлигин өкүлчүлүгү бир жолу гана «Жуковский» аэропортунан уча албай калган мигранттардан кабар алды. Андан кийин аларды көргөн жокпуз. Өкүлчүлүк негизинен аза иштерин уюштурууга жардам беришет», деди Ёров.

Марттан бери миңдеген мигранттар карантинден улам ишсиз калып, аэропорттордо, чек ара көзөмөл өткөрмө бекеттеринде түнөшкөн. Тажикстан 25-июндан тартып Орусиядагы жарандарын акырындык менен алып кетүүдө.

Ушу тапта Орусияда тажикстандык бир миллиондон ашык мигрант бар.

Видео

Видео

Ат-Башыга помидор эккен Айчүрөк
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:50 0:00
XS
SM
MD
LG