Ссылки доступа

Кытай АКШнын Чэнду шаарындагы консулдугун жабууга буйрук берди


Кытай АКШдан Чэнду шаарындагы Башкы консулдугун жабууну талап кылды.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 24-июлда билдиргендей, дипломатиялык өкүлчүлүктүн иш жүргүзүү лицензиясы артка чакыртылып алынды. Мекеме бул чараны мыйзамдуу жана АКШнын негизсиз кадамына жооп катары сыпаттады.

21-июлда Вашингтон Кытайдын Хьюстон шаарындагы консулдугун жабууга 72 саат берип чечим америкалык интеллектуалдык менчикти, жеке маалыматтарды «коргоо» үчүн кабыл алынганын билдирген. Анын алдында кытайлык эки жаранга киберчабуул коюу менен коронавируска каршы вакцинанын үстүнөн жүрүп жаткан изилдөөлөрдү уурдоого аракет көрүшкөн деген айып тагылган.

Бээжин Вашингтондун кадамын айыптап, ал ортодогу чыңалууну ого бетер күчөтөрүн, чечим өзгөртүлбөсө, тиешелүү жооп кайтарыларын эскерткен.

Бейшембиде АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Бээжин жетекчилигин катуу сындап, өнөктөштөрдү Кытай коммунисттик партиясынын глобалдык "гегемонияга" умтулушуна туруштук берүүгө чакырды.

Эки держава ортосундагы мамилелер акыркы мезгилде улам курчуп баратат. АКШ Кытай коронавирустун коркунучу тууралуу маалыматтарды жаап-жашырган, Гонконгдогу эркиндиктерди жана адам укуктарын чектөөдө, Шинжаңдагы мусулмандарды лагерлерге жана абактарга салып жатат деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG