Ссылки доступа

«Тажик Эйр»: Тажикстан чет өлкөдөн жүздөгөн жаранын мамлекеттин эсебинен алып келди


Тажикстандын чет өлкөлөрдө калган жүздөгөн жараны мекенине мамлекеттин эсебинен жеткирилди. Бул тууралуу «Тажик Эйр» авиакомпаниясы билдирди.

«Президенттин тапшырмасы менен марттын аягында «Внукова» аэропортунда калган Тажикстандын 28 жараны, 19-майда «Сахарово» борборундагы 217 жаран мамлекеттин эсебинен мекенине бекер жеткирилген», — деди авиакомпаниянын башкы директору Дилшод Исматуллозода.

Тажикстан өлкөгө коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жол бербөө максатында 20-марттан тартып бардык багыттар боюнча эл аралык каттамдарды токтоткон. Мындан улам өлкөнүн жүздөгөн жараны Орусиянын, Түркиянын, Казакстандын, Индиянын, Германиянын жана Дубайдын аэропортторунда уча албай топтолуп калышкан. Тажик бийлиги май айынан тартып чет өлкөдө калган жарандарын алып келе баштаган. Бул үчүн Орусияга, Индияга, Түркияга, Бириккен Араб Эмираттарына жана Германияга бир нече чартердик каттамдар уюштурулган.

«Тажик Эйр» жана «Сомон Эйр» авиакомпаниялары Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Казан, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан чартердик каттамдарды аткарышты. Мекенине кайтууну каалаган жүздөгөн адам Тажикстандын Орусиядагы элчилигинин алдына топтолуп, билеттердин кымбаттагына жана чартердик каттамдарга катталуудагы коррупцияга даттанышкан. Элчи Имомуддин Саттори Орусиядан 8 миңден ашык жаран Тажикстанга келүү каалоосун билдиргенин, алардын баарын алып келүүгө чартердик каттамдар жетишпей турганын айткан. «Биз каалоочулардын тизмесин түзүү менен гана алектенебиз. Билеттерди «Тажик Эйр» жана «Сомон Эйр» авиакомпаниялары сатат», — деген ал.

Тажик өкмөтүнө караштуу Жарандык авиация агенттигинин статистикасына ылайык, жыл башынан бери «Тажик Эйр» жана «Сомон Эйр» авиакомпаниялары чартердик каттамдар менен төрт миңге чукул тажикстандыкты мекенине жеткирди.

Видео

XS
SM
MD
LG