Ссылки доступа

Кыргызстанга Орусиядан медициналык жабдуулар келди


Эки өлкөнүн президенттеринин ортосундагы макулдашуудан кийин 26-июлда Орусия жардамдын кезектеги партиясын Бишкекке жеткирди.

Гуманитардык жүктө беш даана рентгенографикалык аппарат, 65 даана нестезиология жана интенсивдик терапия боюнча оксометрикалык көрсөткүчтөрү бар монитор, өпкөнү жасалма дем алдыруучу 31 аппарат, 49 350 даана эноксапарин натрий, 550 олокизумаб жана 100 000 медициналык беткап бар.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

22-июлда Орусиянын Коргоо министрлиги 20 аскердик медиктен турган алты бригаданы бир айлык мөөнөткө Кыргызстанга жөнөткөн. 24-июлдан тартып төрт бригада Бишкектеги, экөө Ош шаарындагы аскердик госпиталдарда ишке киришкен. Алар коронавируска чалдыккан аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам көрсөтүшөт.

23-июлда Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Башкыртстандан 50 медицина кызматкерин жөнөткөн. Беш топко бөлүнүп иштей турган делегациянын курамында хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонолог жана башка адистер бар.

Смотреть комментарии

Видео

XS
SM
MD
LG