Ссылки доступа

Москвада тажикстандык "террорчу" жок кылынганы кабарланды


Орусия Федералдык коопсуздук кызматы Москвадагы эл көп топтолгон жерде теракттын алдын алууга мүмкүн болгонун билдирди.

Ыктымал террорчу Химки шаарындагы атышуу учурунда өлтүрүлгөн. Ал 19 жаштагы Тажикстан жараны Одил Каюмов экени аныкталган.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүү Химки шаарындагы кароосуз калган гаражда кармалган. Ал каршылык көрсөтүп ок чыгарган маалда өлтүрүлгөн. Окуя болгон жерден Калашников автоматы, үч куту ок, үч граната табылган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы ал Сириядагы террордук топтордун эмиссарлары менен байланышта болгонун, кишилерге жапырт ок атууга камылга көргөнүн билдирүүдө.

Өлтүрүлгөн кишинин агасы да кармалды. Ал инисин Сирияга кетирбөө үчүн бир нече күндөн бери издеп жатканын айткан.

ФСБ тараткан видеодо: "Мен ал Сириядагы террористтер менен сүйлөшүп жүрөт окшойт деп шектенип калдым. Эки жума мурун дайынсыз жоголуп кетти. Мен дароо Орусиянын ИИМине кайрылдым", –деп жооп берген ал.

Орусия Тергөө комитетинин өкүлү Ольга Врадий азырынча “Укук коргоо органдарынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Видео

XS
SM
MD
LG