Ссылки доступа

Нур-Султанда үлүшчүлөр нааразылык акциясына чыгышты


Нур-Султанда «Жагалау-3» турак жай комплексинин ондогон үлүшчүлөрү 27-июлда нааразылык акциясын өткөрүшүп, он жылдан бери бүтпөй жаткан батирлерди пайдаланууга берүүнү талап кылышты.

Алардын айтымында, курулуш компаниясы 2010-жылы комплексти бир жыл ичинде бүткөрүүгө убада берген. Ушул тапта үйгө газ, суу киргизилди, бирок электр кубаты кошула элек.

—Айрым кишилер курулуштун бүткөнүн көрбөй кайтыш болушту. Биз болсо батирде жашайбыз. Менин төрт балам бар, — деди Акбантик Койшибайкызы.

Акцияга чыккандар менен Нур-Султан шаарынын курулуш башкармалыгынын өкүлү жолугушуп, жоопкерчилик толугу менен курулуш компаниясында экенин, күзүндө маселени чечүүгө жардам берилерин билдирди.

ASI курулуш компаниясынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Казакстан борборунда көптөн бери курулуп бүтө элек көйгөйлүү объектилер ондоп саналат.

Видео

XS
SM
MD
LG