Ссылки доступа

Казакстанда 3-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшартылышы мүмкүн


Казакстанда 3-августтан тартып акырындык менен карантиндик чектөөлөрдү жумшартса болот. Бул тууралуу өкмөттүн 28-июлдагы жыйынында өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдирди.

Анын айтымында, R коэффициенти (орточо эсеп менен бир бейтап илдетти канча кишиге жуктурарынын көрсөткүчү) бирден ашпаган, ооруканалары 70% көп толбогон жана адам өлүмүнүн көрсөткүчү бир жума бою туруктуу деңгээлде төмөндөгөн аймактарда карантиндик чектөөлөрдү жумшартса болот.

Министр 3-августтан тартып соода борборлор, үстү жабылган базарлар (иштөө убактысын чектөө менен), бала бакчалардагы нөөмөт топтору, сулуулук салондору жана чач тарачтар (кардарларды алдын ала кезекке жаздыруу шарты менен) ишин жандантса болот.

Ошол эле маалда массалык иш-чараларды өткөрүүгө, көңүл ачуучу жайлардын, кинотеатрлардын, банкет залдарынын, түнкү клубдардын, бессейндердин, спорттук жана диний жайлардын иштөөсүнө киргизилген чектөөлөр алынбайт. Мындан тышкары аймактар аралык автобус каттамдарына да уруксат берилебейт.

Өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин Саламаттык сактоо министрлигинин бул сунушу боюнча чечим Мамлекеттик комиссиянын кароосунан кийин жарыялана турганын билдирди.

Казакстандын бийлиги 5-июлда киргизилген эки жумалык карантиндин мөөнөтүн 2-августка чейин узарткан. Расмий маалымат боюнча 5-июлдан 26-июлга чейин өлкөдө коронавирус жуктурган 35,9 миң жаңы учур катталып, кеминде 397 бейтап каза болгон. Coronavirus2020.kz сайтындагы маалыматка ылайык, өлкө боюнча көз жумгандардын жалпы саны 585 адамды түзөт. Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун саны боюнча маалыматтарды өткөн жумадан бери жаңылай элек.

XS
SM
MD
LG