Ссылки доступа

Тажикстан: электр энергиясына чектөө киргизилет


Жакында Тажикстанда электр энегриясын колдонууга чектөө киргизилет.

Өкмөт күз-кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгына жол бербөө үчүн ушундай чара колдонууга аргасыз болгонун маалымдады.

Расмий маалыматтарга караганда, быйыл былтыркыга салыштырмалуу кар 50 пайызга аз жааган, буга байланыштуу суу сактагычтарга топтолгон суунун көлөмү төмөн болууда. Өкмөттүн калкка жасаган кайрылуусунда “Мындай абал Тажикстанда биринчи жолу жаралып жатканы” айтылган.

Ушул тапта Нурек суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17 метрге төмөн. Өкмөт эгер мындай кырдаал улана берсе, кышкысын олуттуу көйгөй жаралышы мүмкүн экенин, чектөөлөрдү туура кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Тажик бийлиги жарандарды, мекеме-ишканаларды жана компанияларды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.

Тажикстан 2017-жылы күз-кыш мезгилинде электр энергиясын чектөө тажырыбасынан толугу менен баш тартканын жарыялаган.

Буга чейин Тажикстан Ооганстан менен Өзбекстанга электр кубатын экспорттоону азайтканы кабарланган.

Видео

Видео

Пансионаттарга эмерек жасаган эки дос
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:19 0:00
XS
SM
MD
LG