Ссылки доступа

Ташкентте COVID-19га тест кабыл алган борбордун кызматкери каза болду


 Холисхон Жалолова
Холисхон Жалолова

Ташкент шаарынын Яккасарай районундагы Санитардык-эпидемиологиялык саламаттык борборунун 48 жаштагы кызматкери Холисхон Жалолова курч бронхопневмониядан каза болду.

Маркумдун кызы Мукамбар Умарованын айтымында, 9-июлда апасынын дене табы көтөрүлө баштап, COVID-19га тест тапшырган. Бирок анализдин жыйынтыгы анда коронавирус жок экенин көрсөткөн.

– Мен анализдердин жыйынтыгынан күмөн санап жатам. Анткени мен апрелде коронавируска кабылганда апамдыкындай белгилер болгон. Апам дене табы 38-39 болуп жатканына карабастан 16-июлга чейин жумушка барып жүрдү. 17-июлда температурасы 40ка чыкканда ооруканага жаткырдык. Ага курч бронхопневмния диагнозу коюлду», — деди Умарова.

Ал дарыгерлер экинчи жолу COVID-19га тест тапшырууну сунуштаганына карабастан, апасынан эч ким анализ албаганын кошумчалады.

– Апамдын жумушундагылар дем алыш күн деп тест алуудан баш тартышты. 21-июлда апам каза болуп калды. Анын өпкөсүнүн 70% жабыркаптыр. Апамда коронавирус расмий түрдө аныкталбагандыктан, ал эч кандай кошумча төлөм, жеңилдик албай калды», — деди Умарова.

Маркумдун кесиптештеринин айтымында, Холисхон Жалолова коронавирус аныкталган көп кабатуу үйлөрдү, маалелерди дезинфекциялоо иштерин аткарып келген.

Өзбекстанда коронавируска тесттерди Санитардык-эпидемиологиялык саламаттык борбору жана анын аймактардагы бөлүмдөрү гана кабыл алат.

Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстанда күн сайын 300-500 кишиден коронавирус табылууда. Буга байланыштуу Санитардык-эпидемиологиялык саламаттык борборунун кызматкерлери күнү-түнү иштөөгө аргасыз болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG