Ссылки доступа

Талибдер менен ооган өкмөтү үч күнгө атышууну токтотуу жөнүндө макулдашты


Талибдер менен Ооганстандын өкмөтү Курман айтка байланыштуу үч күн ок атпоо тууралуу макулдашты.

«Бардык можахеддерге Айт маалында үч күн, үч түн душманга каршы эч кандай операция жүргүзүүгө болбойт деген көрсөтмө берилди. Ошол эле маалда аларга кол салуу болсо, чечкиндүү түрдө жооп кайтаруу керектиги айтылды», - деп жазылган «Талибан» кыймылынын 28-июлда жарыяланган билдирүүсүндө.

Ооган өкмөтү да коопсуздук күчтөрүнө атышууну токтотуу режимин сактоого буйрук берилгенин билдирди.

Ушул тапта АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Кабул менен «Талибан» ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандыруу максатында Пакистанга, Ооганстанга жана Катарга барууну пландоодо.

АКШ менен «Талибан» быйыл февраль айында Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол коюшкан. Талибдер АКШ менен НАТОнун аскерлерине кол салбаганы менен ооган коопсуздук күчтөрүнө дээрлик күн сайын чабуул коюп жатышат.

Кабул менен талибдердин ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү туткун алмашуу жараянындагы пикир келишпестиктерден улам токтоп турат.

Видео

XS
SM
MD
LG