Ссылки доступа

Физиев: Дарыгерлер - азыркынын баатырлары (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдардын логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Ат-Башы: балчылардын иши татаалдашты. Учурда Ат-Башы районунда балчылардын иши кызуу жүрүп жатат. Кыргызстандын чар тарабынан келген балчылар Ат-Башынын тоолорун этектей бал челектерин тизип алышты. Дүйнөнү пандемия каптай электе эле бал сатууда кыйынчыкка тушуккан балчылар, эми чек ара жабылып, экспорт маселеси андан да татаалдашып кеткенин белгилешет. (видео)

- "Мекен" тасмасын кинотеатрлар көрсөтпөйт. “Мекен” аттуу көркөм тасма кинотеатрларда көрсөтүлбөйт. Ал эми тасманын бет ачары "YouTube" каналынан 31-июлда коюлат. Режиссерлордун айтымында, мамлекеттеги коррупциянын, паракорчулуктун бетин ачкан тасманы көрсөтүүгө мамлекеттик органдар ачыктан ачык тоскоолдук жаратууда. (видео)

- Физиев: Дарыгерлер - азыркынын баатырлары. Кыргызстандык мушкер Рафаэл Физиев UFC уюмунда экинчи жолу жеңишке жетти. «UFC Fight Island 2» деген аталыштагы мелдеш 19-июлда Абу-Даби шаарында өтүп, Физиев 70 килограммга чейинки салмакта британиялык мушкер Марк Диакиезини жеңди. Бул эки мушкердин таймашы мелдештин «мыкты беттеши» деп табылып, бул үчүн кыргызстандык мушкер 50 миң доллар кошумча сый акы алды. Физиев "Азаттык" радиосуна маек куруп, Кыргызстандагы кырдаал, алдыдагы беттештери тууралуу кеп кылды. (видео)

- Коронавирус маалындагы ажылык: Сауд Арабиясында зыяратчылык кандай өтүүдө? (Настоящее время)

- Коронавирустан улам Тажикстанда чет өлкөлүк инвестициялар азайды. (Настоящее время)

- Казакстанда 3-августтан тартып карантиндик чектөөлөрдү жумшартуу сунушталды. (видео)

- Азыркы жана он жыл мурдагы Алматы. (сүрөт баян)

- Сардоба районунун тургундары президент убадалаган компенсацияны талап кылышууда. (Өзбекстандан видео)​

- Бишкектин четиндеги талаа госпиталдары кантип иштеп жатат? (Настоящее время)

- ДССУ коронавирус пандемиясы күчөгөнүн билдирди​. (Настоящее время)

- Курбан-Байрам: коронавирус маалында аны кантип майрамдоо керек? (видео Директ)​

- Молдовановка айлында коронавирустан кантип сактанышты? (видео Директ)​

- Казакстанда кичинекей кызды уурдоого шектелген жергиликтүү тургунду сотсуз жазалоого аракет жасашты. (видео Директ)

- Шорнак айылындагы жаңжалдан кийин ондогон адам кармалды.(Казакстандан видео)

- Жүзүндөбү же чөнтөгүндөбү: дүйнө лидерлеринин кимиси кантип беткап тагынат? (Настоящее время)

- Пакистандык ыктыярчы: Дарыланып бүткөндөн кийин ооруканага кайра кайтам. (Кыргызстандан видео)

- COVID-19дун алты түрү. (инфографика)

- Тажикстанда пандемияда дары-дармекти кымбаттаткан дарыканалар жазаланат. (видео)

- Түркмөнстанда укук коргоочу Тухбатуллин көптөгөн белгилүү кишилер коронавирустан көз жумганын, бийлик муну жашырып жатканын билдирди. (Настоящее время)​

- Азия 360°: Майлуу-Суу. (видео)

- Атасы пневмониядан каза болгон кыз дарыгерлерге жардам берүүдө. (Казакстандан видео)​

- Казакстандагы жашоо минимуму: динамика. (инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG