Ссылки доступа

Түркмөн бийлиги жаңы бейиттерди спутниктен жашырууну талап кылууда


Түркмөнстандын Лебап облусунда жергиликтүү бийлик элден маркумдарды жерге берүү учурунда алардын бейити спутниктен көрүнбөгөндөй болушун талап кылууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирди.

Түркмөн бийлигинин бул талабы "АССА" басылмасы спутниктен тартылган картага таянып, Балканабад шаарында мүрзөлөр көбөйгөнүн жазган маалга туш келди. Журналисттер эки жылда – 2018-жылдын 31-майынан 2020-жылдын 25-мартына чейин 524 киши өлгөнүн, быйыл 25-марттан 16-апрелге чейин эле көрүстөндөрдө кошумча 317 жай пайда болгонун аныкташкан.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчылары Лебап облусундагы көрүстөндөрдө мүрзөлөрдүн саны былтыркыга салыштырмалуу 15 эсеге көбөйгөнүн билдиришүүдө. Бийлик элден бейиттер спутниктен көрүнбөгөндөй жер менен жер болушун талап кылууда. Мындан тышкары аза күтүү иш-чараларына барууга, мүрзөлөргө белги коюуга тыюу салынууда.

Түркмөнстан бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин мойнуна ала элек. “Азаттыктын” түркмөн кызматы дээрлик ар бир үй-бүлөдө вирус жуктургандар же андан көз жумгандар бар экенин, өлүкканада сөөктү пластик баштыктарга ороп берип жатышканын жазган.

Видео

Видео

Кармалган кримтөбөлдүн саясаттагы карааны
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00
XS
SM
MD
LG