Анын айтымында, тиешелүү жарлыктын долбоору даяр жана 1-сентябрда күчүнө кирет.
«Азыр президенттин жарлыгынын долбоору макулдашуу үчүн профилдик министрликтерге жөнөтүлдү. Пандемияга жана анын кесепеттеринен улам жаралган финансылык кыйынчылыктарга карабастан, биз айлык акылар менен пенсияларды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк таптык», — деди Каххорзода.
Министр бул төлөмдөр үчүн кайсыл булактан каражат алынарын айткан жок.
Ушу тапта Тажикстанда коронавирус пандемиясы шартында мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы байкалууда.
Өлкөдө акыркы жолу маяналар менен пенсиялар 2018-жылы сентябрда 15% жогорулаган. Тажикстандагы эң төмөнкү айлык акы 400 сомонини (40 доллар), бюджеттик кызматкерлердин орточо маянасы 1 миң сомонини (100 доллар) түзөт.