Ссылки доступа

Казакстанда бир суткада коронавирус жуктурган 1 472 жаңы учур катталды


Акыркы бир сутканын ичинде Казакстанда 1 472 кишиден коронавирус аныкталды.

Расмий маалыматка ылайык, сутка ичинде Нур-Султанда 226, Алматыда 208, Чыгыш Казакстан облусунда 211 жана Караганда облусунда 107 киши вирус жуктурган. Өлкөнүн калган аймактарында илдетке чалдыккандардын саны 100гө жетпейт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча вирус жуктургандардын саны 87 664 кишиге жетти. Алардын ичинен 57 815 адам айыгып чыгып, 793 бейтап каза болду.

Казакстанда COVID-19дан көз жумгандардын статистикасына анализинен вирус табылып, бирок өлүмүнүн себеби катары башка оорулар көрсөтүлгөн миңдеген бейтап кошулган эмес.

Күн мурун Казакстанда карантиндик чектөөлөр дагы эки жумага узартылган. Бийлик бул чечимин өлкөдө эпидемиологиялык абалдын курчуп кетүү ыктымалдыгы бар экендиги жана «чектөө чараларынын жакшы натыйжаларын сактап калуу» аракети менен түшүндүргөн.

Буга чейин 5-июлда киргизилген эки апталык карантиндин мөөнөтү 2-августка чейин узартылган.

Видео

XS
SM
MD
LG