Ссылки доступа

«Барки точик»: Тажикстанда электр энергиясына чектөө киргизиле элек


«Барки точик» энергохолдингинин имараты

Тажикстандын «Барки точик» энергохолдинги өлкөдө электр энергиясын колдонууга чектөө киргизиле электигин билдирди.

«Чектөөлөрдү киргизүү тууралуу өкмөттүн билдирүүсүнө үч күн болду, бирок лимит киргизилген жок. Азыр Нурек суу сактагычында суунун деңгээли жогорулап жатат, балким чектөө киргизүү зарылдыгы болбой калышы мүмкүн», — деди мекеменин басма сөз катчысы Нозиржон Ёдгори.

Июлдун аягында бийлик калк үчүн электр энергиясын колдонууга чектөөлөр киргизиле турганын билдирген. Өкмөт бул чечимин күз-кыш мезгилинде электрдин тартыштыгына жол бербөө аракети менен түшүндүргөн.

«Быйыл былтыркыга салыштырмалуу кар 50 пайызга аз жаады, буга байланыштуу суу сактагычтарга топтолгон суунун көлөмү төмөн болууда. Ушул тапта Нурек суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17 метрге аз. Мындай абал Тажикстанда биринчи жолу жаралып жатат», — деп жазылган өкмөттүн билдирүүсүндө.

Тажикстан 2017-жылы күз-кыш мезгилинде электр энергиясын чектөө тажырыбасынан толугу менен баш тартканын жарыялаган.

Өткөн жумада Душанбе Ооганстан менен Өзбекстанга электр кубатын экспорттоону азайтканын билдирген.

Видео

Видео

Айтматовдордун китепке айланган өмүрү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
XS
SM
MD
LG