Ссылки доступа

Ташкенттин тургундары материалдык жардам берүү тартибине нааразылык билдиришти (видео)


31-июлда Ташкенттин Сергели районунда элге материалдык жардам таратып жаткан маале комитетинин мүчөлөрү менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыкты.

Чогулган тургундар жардам чыныгы муктаждарга эмес, комитет мүчөлөрүнүн тааныштарына берилип жатканына нааразылык билдиришкен.

1-августта райондун тургундары менен өкмөттүн өкүлдөрү жана Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожаев жолугуп, материалдык жардам берүү маселеси чечилерин убадалашты. Калаа башчысы маале башчыларына бир күндүн ичинде чыныгы муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүүнү тапшырды.

Күн мурун соцтармактарга Хорезм облусунда да материалдык жардам таратууда чыккан чырдын видеосу жарыяланган.

«Материалдык жардам катары ар бир конвертке 100 миллион сумдан (100 доллар) салынган. Бирок маале комитетинин мүчөлөрү жардам алган тургундардан 300 миң сумдан калтырып кетүүнү талап кылып, болбосо жардам ала турган жарандардын кийинки тизмесине кошпой коюшарын билдиришүүдө», — деген видеонун автору.

1-августта Маалелерди колдоо министрлигинин өкүлү аталган райондордогу жаңжалдар боюнча териштирүү иштери башталганын, мыйзам бузуу фактылары аныкталса күнөөлүүлөргө карата тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

30-июлда өлкө президенти Шавкат Мирзиёев «Коронавирус пандемиясы маалында муктаж жарандарга материалдык жардам көрсөтүү боюнча кошумча чаралар тууралуу» жарлыкка кол койгон. Анын алкагында 1,7 миллион кишиден турган 400дөн ашык үй-бүлөгө бир жолудан материалдык жардам берүү үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн.

Видео

Видео

Пансионаттарга эмерек жасаган эки дос
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:19 0:00
XS
SM
MD
LG