Ссылки доступа

Тажикстан иран оппозиционеринин кармалганын четке какты


Жамшид Шармахд
Жамшид Шармахд

Тажикстанда иран бийлигине каршы чыгып жүргөн «Тондар» тобунун башчысы Жамшид Шармахд кармалды. Бул тууралуу «Ислам революциясынын сакчылары» корпусу менен кызматташкан «Жаван» басылмасы кабарлады.

Иран бийлиги «Тондарды» террордук топ деп атап, Иран аймагындагы ондогон жардыруулар жана киши өлтүрүүлөр үчүн айыптап келет.

Маалыматка караганда, Жамшид Шармахд 31-июлда кармалып, иран бийлигине өткөрүлүп берилген.

Тажикстан ички иштер министри Жамшид Шармахд 3-августта өткөн маалымат жыйыны учурунда Шармахтын кармалганы жана анын Иранга экстрадицияланганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Буга чейин Ирандын маалымат миинстри Махмуд Алави ал «татаал операциянын» жыйынтыгы менен кармалганын айткан. Аткаминер оппозиционерди Кошмо Штаттар жана Израиль колдоп келгенин кошумчалаган.

Лос-Анжелесте жашаган «Тондар» тобунун жетекчиси Жамшед Шармахд кандай жагдайда Тажикстанда кармалганы жана Тегеранга өткөрүлүп берилгени белгисиз.

«Тондар» тобу 2004-жылы негизделген. Ал исламды перс маданиятын жок кылган дин катары сыпаттап, ага каршы чыгып келет. Топ иран монархиясын калыбына келтирүүнү жактайт.

XS
SM
MD
LG