Ссылки доступа

ИИМ: Тажикстанда эки теракттын алдын алууга мүмкүн болду


Тажикстанда быйыл алты ай аралыгында эки теракттын алдын алууга мүмкүн болду. Бул тууралуу 3-августта өлкөнүн Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы Шоди Хафиззода билдирди.

Анын айтымында, терактты Тажикстанда тыюу салынган “Ислам мамлекети” террордук уюмунун тарапташтары уюштурушкан. Алар укук коргоо кызматкерлерине чабуул жасоону көздөшкөн.

Бул маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу тастыктоого мүмкүн болгон жок.

Тажикстан ИИМи террордук жана экстремисттик мүнөздөгү 875 кылмыштын бети ачылганын да билдирди. Жарым жыл ичинде 200дөй террордук жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү кармалган. Алардын арасында “Агайын мусулмандар” кыймылынын 203 мүчөсү, ИМ тобунун 27 жоочусу, “Салафия” кыймылынын 17 өкүлү, “Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын” 4 мүчөсү, “Жамоати Ансоруллахтын” 8 тарапташы жана “Талибан” кыймылынын бир жоочусу бар.

Шоди Хафиззода чет өлкөлөрдөн террордук жана экстремисттик уюмдарга мүчө болууга айыпталган 90дөн ашуун жаран жеткирилгенин кошумчалады.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Душанбени экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү шылтоосу менен бийликке каршы чыккандардан өч алууга айыптап келет.

Видео

Видео

Санарип маммограф, сапаттуу диагностика
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00
XS
SM
MD
LG