Ссылки доступа

Казакстанда жүз миңдеген окуучунун интернетке кошулууга мүмкүнчүлүгү жок


Казакстанда көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган 185 миң окуучунун аралыктан билим алууга шарты жок. Бул тууралуу өлкөнүн билим берүү министри Асхат Аймагамбетов өкмөттүн 4-августтагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 482,9 миң окуучуда интернетке туташуу мүмкүндүгү жок болсо, 604 калктуу конушта телетрансляциялар жеткиликтүү эмес.

«Дагы 24 миң мугалимдин компьютери, эки миң мугалимдин интернети жок. Биз 1-сентябрга чейин мектептердеги компьютерлерди убактылуу колдонууга берүү аркылуу 500 миңден ашык окуучуну техника менен камсыз кылууну пландап жатабыз», — деди министр.

Өткөн айда Билим берүү министрлиги окуучулар жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин толугу менен аралыктан окуй тургандыктарын билдирген. «Кийинки чейректер тууралуу чечим эпидемиологиялык кырдаалга жараша болот. Ошол эле маалда экинчи, үчүнчү жана төртүнчү чейрек үчүн методикалык куралдар менен сабактарды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат», — деген министр.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл өлкөдөгү 3,3 миллион окуучунун 2,6 миллиону аралыктан билим алышат. 530 миң окуучу нөөмөт класстарында окуса, 157 миң бала кадимки тартипте билим алышат.

Видео

Видео

Айтматовдордун китепке айланган өмүрү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
XS
SM
MD
LG