Ссылки доступа

Нью-Йорк прокуратурасы «Трамптын уюмдарын» иликтейт


Дүйшөмбүдө Манхэттен райондук прокуратурасы президент Дональд Трампка таандык «Трамптын уюмдарынын» мыйзамсыз иштерин иликтеп жатканы тууралуу маалыматтарды жарыялады.

CNN маалымдагандай, «Трамптын уюмдары» кепилдендирүү жана банк көз боемочулугуна шектелүүдө.

Бул тууралуу район прокурору Сайрус Вэнстин Нью-Йорктун федералдык сотуна жолдогон доо арызында жазылган. Прокуратура Дональд Трамптын акыркы 8 жыл ичиндеги жеке жана корпоративдик декларацияларын талап кылууда жана сотту бул өтүнүчтү мыйзамдуу деп табууга үндөөдө.

Былтыр августта прокуратура Дональд Трамптын шайлоо фондунун мыйзамсыз иштерин иликтөөнүн алкагында президенттен салык документтерин талап кылган. Трамптын адвокаттары бир нече жыл мурдагы декларацияларды суроо негизсиз экенин билдирип, муну саясий куугунутук аракети катары сыпаттаган.

3-августта сотко жөнөтүлгөн доо арызда “Трамптын уюмдарынынын” ондогон жылдардан бери кылмыштуу иштерге аралашканы тууралуу ачык билдирүүлөр бар экени жазылган.

Видео

Видео

Пансионаттарга эмерек жасаган эки дос
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:19 0:00
XS
SM
MD
LG