Ссылки доступа

Тажикстан бозгундагы полковник Халимовдун өлүмүн расмий ырастаган жок


Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода

Тажикстан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири, «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун аскердик жетекчиси Гулмурод Халимов Сириядагы бомбалоодо мерт болду. Бул тууралуу 3-августта Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода билдирди.

«Биз камактагы жоочулардан жана башка булактардан алган маалыматтарга ылайык, Халимов менен анын үй-бүлө мүчөлөрү Сириядагы операциялардын биринде каза болушкан. Бирок биз анын сөөгүн өз көзүбүз менен көрүп, тек-жайы аныкталмайынча, Гулмурод Халимовдун өлүмүн расмий ырастай албайбыз», — деди министр.

Халимов дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө тыюу салынган «Ислам мамлекети» (ИМ) тобунун катарына 2015-жылы апрелде кошулуп, 2016-жылы бул уюмдун аскер башчысы болуп дайындалган. Мекенинде ага каршы «Мамлекетке чыккынчылык кылуу», «Кылмыштуу топтун мүчөсү болуу» жана «Башка өлкөдөгү куралдуу жаңжалдарга мыйзамсыз катышуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыяланган. 2015-жылы сентябрда Гулмурод Халимов башка 35 адам менен бирге ИМ тобуна байланышы бар террорчулардын тизмесине кошулган. 2016-жылы АКШ бийлиги Халимовдун жүргөн жери тууралуу маалымат үчүн 3 миллион доллар убадалаган.

2017-жылы апрелде Лондондогу The Times гезити Халимов Ирактын Мосул шаарындагы авиасоккулардан мерт болгонун жазган. 2017-жылы сентябрда Орусиянын Коргоо министрлиги Халимов Сириянын Дейр-эз-Зор шаарында өлтүрүлгөнүн кабарлаган. Анда Тажикстандын расмий бийлиги бул маалыматтырда ырастаган эмес. Халимов дале болсо Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG