Бийлик бул кадамынын себебин ачыктаган жок. Эмгек өргүүгө жөнөтүлгөндөрдүн ордуна ким иштей турганы белгисиз.
Түркмөн бийлиги мындай кадамга коронавирус пандемиясынан улам экономикалык каатчылык күчөп жаткан маалда барды. Түркмөнстан азыркыга чейин расмий түрдө өлкөдө коронавирус жуктурган учур катталганын мойнуна ала элек.
«Мектептер жабылууда, сабактар онлайн режимде өтөт», - деди редакциянын кабарчысы.
Түркмөнстанда Интернет катуу чектелгенин эске алганда, онлайн сабактар кандай өтөрү беймаалым. Көпчүлүк окуучуларда ноутбук жана смартфондор да жок.