Ссылки доступа

Өзбекстанда эки жарым жашар жээнин сабап өлтүргөн офицер 19 жылга соттолду


Ташкентте Улуттук гвардиянын офицери аялынын эки жарым жаштагы жээнин сабап өлтүргөн. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, баланын апасы уулун эжесине таштап, Түркияга иштөө үчүн кеткен. 2020-жылы 31-январда Улуттук гвардияда иштеген офицер үйүнө мас абалында келип, аялын жана жээнин сабаган. Бала ур-токмоктон каза болгон.

Офицер аялына “баланы тепкичтен кулап өлдү” деп айтууну буюрган.

Аял жээнин көмүү үчүн айлына барган. Баланын туугандары анын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк алуу үчүн дарыгерге кайрылышкан. Айылдык фельдшер баланын тепкичтен кулап өлгөнүнөн күмөн санаган. Мындан соң наристенин апасы укук коргоо органдарына кайрылган, баланын сөөгү экспертизага жөнөтүлгөн.

Сотмедэкспертиза бала ур-токмоктон алган жаракатынан улам өлгөнүн аныктаган. Бул иш Ташкент шаардык сотуна жөнөтүлгөн.

Сот Улуттук гвардиянын офицерин "Атайлап киши өлтүрүү" жана "Кыйноо" беренелери боюнча айыптуу деп таап, 19 жылга эркинен ажыратты.

XS
SM
MD
LG