Ссылки доступа

Мирзиёевдин күйөө баласы Өзбекстанда каттоодон өтпөгөн дарыны бейтаптарга таратууда


Өзбекстандын Фармакологиялык комитетинин өкүлү Кытайдан келген Lianhua препараты COVID-19 коронавирусун дарылоо боюнча мамлекеттик каттоого алынбаганын жана клиникалык сыноодон өтпөгөнүн билдирди.

– Мүмкүн бул препарат коронавирусту дарылоодо таасирлүү, бирок бизде каттоодон өткөн эмес. Дарыны колдонуу эрежелери кытай тилинде жазылган. Негизи ал өзбек тилине которулушу керек болчу. Андан соң Фармакологиялык комитет бул препаратты экспертизага жөнөтүп, ал сертификациядан өтүшү керек. Бул жол-жоболор аткарылгандан кийин гана препаратты аптекаларга таратып, колдонууга уруксат берилет, – деди комитеттин өкүлү.

26-июлда жергиликтүү басылмалардын бири Кытайдан коронавируска каршы Lianhua Qingwen Jiaonang дарысы алынып келгенин, ал президенттин кенже күйөө баласы Отабек Умаровдун атынан Ташкент облусунун Зангиата районундагы көп тармактуу ооруканага берилгенин жазган. Дарыларды тараткан ММА мушкери Мурод Хантураев: “Бардык препараттарды силерге Отабек ака Умаров берип жиберди” деп айткан.

Рекламалык мүнөздөгү бул билдирүүдөн кийин соцтармактарда бул препаратты пропагандалаган видеороликтер пайда боло баштаган.

Бул видеодогу киши Lianhua препараты муктаждарга эки кутудан бекер таратыларын, "кыйын кырдаалда жардамын аябаган жоомарт адамдар бар экенин" билдирүүдө.

Lianhua дарысынын “көмүскө базарда” сатылышын иликтеген жергиликтүү блогерлердин бири бул препарат 40 доллардан сатылып жатканын, Кытайда болгону 2 доллар турарын, ал сасык тумоого каршы колдонуларын билдирди.

– Бул иштин аркасында Өзбекстан президентинин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров турарын айтышууда. Ал бул препаратты Кытайдан алып келүүгө көмөктөшөт экен, – деди ташкенттик блогер.

Lianhua препараты сасык тумоонун жеңил түрүнө жана жөтөлгө каршы колдонулат. Ал 2002-жылы кытайлык Yiling Pharmaceutical компаниясынан чыгарыла баштаган. 2003-жылы SARS вирусуна каршы колдонууга сунушталган.

Препарат Lianhua Qingwen Jiaonang.
Препарат Lianhua Qingwen Jiaonang.

Кытайда COVID-19 коронавирусунун жеңил түрү менен ооруган бейтаптарга да ушул дары сунушталган учурлар болгон.

Кийинчерээк Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму айрым өлкөлөрдө колдонулуп жаткан жасалма дарылар кооптуу экенин билдирген.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG