Ссылки доступа

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды


Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 6-августтун таңында курал колдонулган окуя катталды. Бул тууралуу "Азаттык" Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына шилтеме берүү менен кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Эки-Таш деген жерде тажик тараптан белгисиз бирөөлөр кыргызстандык чек арачыны болжол менен мергенчилик мылтыктан аткан.

Натыйжада чек ара отрядынын кызматкери колунан жарадар болду. Ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Дарыгерлер чек арачынын абалын канааттандырарлык деп баалап жатышат.

Ушул эле күнү Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги 6-августта таңга жуук Исфара аймагында ага лейтенант, Кыргызстандын «Көкташ» чек ара бекетинин башчысы Кабиров Шер ТОЗ-8 мергенчилик мылтыгынан атылган октон жараат алганын Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына шилтеме берип жазды. Маалыматта ошондой эле чек арадан бир чакырым алыс жерде Самониен айылынын тургуну Ваххобов Вохиддин бутуна ок тийип, каза болгону жазылган.

Ушу тапта Кыргызстандын Баткен боюнча жана Тажикстандын Исфара боюнча чек ара өкүлдөрү жолугушуп, жагдайды талкуулап жатышат.

Эртең мененки саат 10го карата чек арадагы абал туруктуу деп мүнөздөлдү.

Кыргыз-тажик чек арасында суу, жол, жер маселелерине байланыштуу эки тарап жаңжалдашкан окуялар, адам өлүмү менен аяктаган атышуу байма-бай болуп турат.

Эки мамлекеттин жалпы чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 519у такталган, калгандары талаштуу жер тилкеси болуп саналат.

2019-жылы эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон Тажикстанда жана Кыргызстанда, анын ичинде чек ара чыры көп катталган Ак-Сай - Ворух аймагында жолугуп, жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Андан бери деле чек ара маселесин чечүү иши илгерилей элек.

XS
SM
MD
LG