Ссылки доступа

Соң-Көл туристтерсиз интроверттердин бейиши (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдардын логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Аялын уруп өлтүргөн жаран он жылга соттолду. Нарын облустук соту 4-августта аялын тепкилеп өлтүргөн эркекти он жылга кескен райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. 2019-жылдын 31-декабрында Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында 37 жаштагы келин күйөөсүнүн таягынан каза болгон. 2020-жылдын 12-майында Кочкор райондук соту кылмышка шектүүнү Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту ("Ден соолукка оор зыян келтирүү, бейбаштык максатта") менен күнөөлүү деп таап, 110 миң сом айыпка жыгуу менен 10 жылга эркинен ажыраткан. Маркум келиндин төрт баласы жетим калды. (видео)

- «Жолдошум уулунун эр жеткенин эми көрбөйт...». “Азаттык” радиосу коронавирустан көз жумган кыргызстандыктарды эскерүүсүн улантат. Бул жолку өпкөсү кагынып каза болгон “Түндүк электро” ишканасынын кызматкери Жайлообай Орозалиев жөнүндө сөз болот. Маркум тирүү болгондо 3-августта 54 жашка чыкмак. Анын артында жубайы, үч кызы жана бир уулу калды. (видео)

- Темир контейнерде төрт баласы менен жашаган жесир-фельдшер. (видео Директ)

- Гуманитардык жардам жана Казакстан. (инфографика)

- Беларуста белгилүү алып баруучу митингдерди кантип алып бара баштады? (Настоящее время)

- Өзбекстанда коронавирус менен ооругандарга белгисиз кытай препаратын таратышууда​. (видео)

- Рысбекова: IT - аялдарга эң ылайык кесип. Ош шаарынын 24 жаштагы тургуну Алия Рысбекова жасалма интеллектти изилдеген "DeepMind" компаниясына ишке өттү. Башталгыч классты Өзгөндө окуп, Түркиядагы Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин компьютердик инженерия бөлүмүн аяктаган соң IT тармагындагы бир топ ишканаларда тажрыйба топтогон. Алия жакында "Google" компаниясынын бир бөлүгү болгон "DeepMind" компаниясы менен эмгек келишимин түздү. (видео)

- Орусиянын COVID-19га каршы вакцинасы: эмдөө октябрда башталат. (Настоящее время)

- Медведев Орусияга эмгек мигранттарын киргизүү эрежелерин катаалдаштырууну сунуштоодо. (видео Директ)​

- Балтиядагы фермерлер гастарбайтерлер жок түшүм жыйналбай калганын айтышууда.​. (Настоящее время)

- Соң-Көл туристтерсиз интроверттердин бейиши. (сүрөт баян)

- Ырчы санитар. Артист кантип ооруканада иштеп калды? (видео)​

- «Дарыгердин көп кыялы ишке ашпай калды». 27-июлда Ысык-Көл районунун башкы реаниматологу Сарбагыш Иманалиев көз жумду. Ал кыргыз медицинасына өмүрүнүн 35 жылын арнаган, райондогу жандандыруу бөлүмүн түзгөн эң алгачкы медик болгон. (видео)

- Беларус: президенттик шайлоого талапкер Светлана Тихановскаянын эксклюзивдүү маеги. (Настоящее время)

- Тажик президентинин аймактарга сапары. Эмомали Рахмон жаңы объектилердин ачылышына катышып, фермерлер менен сүйлөшүп, «карапайым» адамдардын үйүнө мейманга барууда (видео)​

- Алматынын четиндеги айылдын тургундары дээрлик беш жылдан бери таза суусуз жашап келишет. (Настоящее время)

- «Биз карантинден эмес, ачкалыктан өлүп калабыз»: Нур-Султан базарындагы соодагерлердин нааразылыгы. (Казакстандан видео)​

- Лукашенко кантип 26 жылдан бери бийликти колдон чыгарбай келди? (Настоящее время)

- Ташкентте муктаждарга материалдык жардам таратууда жаңжал чыкты. (Өзбекстандан видео)​

- Коронавирус пандемиясы маалында бизнес ачкан Бишкектин тургуну. (Настоящее время)

- Эмнеге Ооганстандагы полиция-аялдар өз кесибин жашырышат? (Настоящее время)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG