Ссылки доступа

Киевде банк бөлүмүн жардырам деп коркуткан өзбекстандык эки айга камалды


Киевдин Печерский райондук соту теракт жасоого аракет кылган деген шек менен кармалган Өзбекстандын жараны Сухроб Каримовду эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Киев шаардык прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Каримов «Теракт жасоо же теракт менен коркутуу» беренеси боюнча айыпталууда. Күнөөсү далилденсе ал беш жылдан 10 жылга чейин камакка алынышы мүмкүн.

3-августта 32 жаштагы Сухроб Каримов Киевдеги «Универсал Банктын» бөлүмүнө кирип, рюгзагындагы бомбаны жардырам деп коркуткан. Ал интервью берүү үчүн журналисттердин келишин жана 40 миң гривен (1,4 миң доллар) талап кылган.

Окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери Каримовду журналисттер менен сүйлөшүп жатканда колго түшүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG