Куткаруучулардын айтымында, окуя 6-август күнү эртең менен Есик шаарындагы автогаз куюучу станцияда болгон. Land Cruiser Prado улгүсүндөгү автоунаа төрт кубметр көлөмүндөгү газ куюучу бочканы сүзүп, жарылуудан эки автоунаа өрттөнүп кеткен. Жол тандабастын ээси, 72 жаштагы киши 90% күйүк менен ооруканага жеткирилди. Станциянын оператору жеңил жаракат алган, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн соң, үйүнө жөнөтүлдү.
Өрт жарым саатта өчүрүлдү. Май куюучу станцияга жакын жайгашкан көп кабаттуу жана жеке үйлөр зыянга учураган жок.