Ссылки доступа

Ташкент облусунда дачалар түрттүрүлүүдө (видео)


Ташкент облусунун Бостанлык районундагы айрым айылдарда мыйзамсыз курулган деген шылтоо менен дачалар түрттүрүлүүдө.

Угам дарыясынын жээгинде жайгашкан дачалардын ээлери турак-жайларын эскертүү бербестен түрттүрүп жатышканын айтышууда.

"Дачабыздын түрттүрүлүп жатканын кошунабыздан уктук. Келсек, дубалдарды кыйратып салышыптыр. Ал жерде эки машине жана бир экскаватор бар экен, ондой киши иштеп жатыптыр. Апам буга тоскоол болуу үчүн экскаватордун алдына тура калды. Эч ким бизге түрттүрүүгө уруксат берген документ көрсөткөн жок", – деди жергиликтүү тургундардын бири.

Бостанлык райондук акимчилигинде иштеген кызматкер бул аймакта дачалар ээлерине эскертүү берилбестен түрттүрүлүп жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты.

"Министрлер кабинети эки жыл мурун мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү боюнча токтом чыгарган. Андан кийин президенттин жарлыгы чыкты. Бул дачалар мыйзамсыз курулган. Алар түрттүрүлгөндө ээлери эч кандай компенсация алышпайт, себеби документтери жок", – деди.

2017-жылы президент Шавкат Мирзиёев Бостанлык районунда “Чарвак” туристтик зонасын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Чарвак жана Угам жээгинде жайгашкан турак жайларды түрттүрүү тапшырмасы берилген.

Алгач Чарвак жолун бойлой жайгашкан хансарайлар, кийинчерээк бул эки дарыянын жээгиндеги үйлөр түрттүрүлө баштаган.

“Чарвак” туристтик аймагын курууга 100 миллион АКШ доллары жумшалары пландалган. Анын аймагында заманбап мейманканалар, маданий жана ден соолукту чыңдоо борборлору, соода жайлары жана башка туристтик объектилер курулат.

XS
SM
MD
LG