Ссылки доступа

Казакстанда пневмония менен COVID-19дун статистикасын бириктирүү кечеңдөөдө


Казакстанда жакынкы жумаларда коронавирустук пневмония учурлары COVID-19дун статистикасына кошулбайт. Бул тууралуу 7-августта өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Багдат Кожахметов билдирди.

Ал июлдун ортосунан бери дарыгерлер окуудан өтүп, бардык маалымат топтолгон компьютердик системаны жакшыртуу иштери жүрүп жатканын айтты.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой жума башында бир эки күн аралыгында статистиканы бириктирүү пландалып жатканын кабарлаган.

Казакстанда пневмонияга чалдыккандар боюнча маалымат 2-августтан бери жарыяланууда. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги убада кылгандай ал коронавирус статистикасына бириктирилбей, өзүнчө эсептелүүдө.

Расмий маалымат боюнча август айынын башынан бери 11 008 киши коронавирустан улам өпкөсү кагынган, анын ичинен 120 киши өлгөн.

Эпидемия башталгандан бери Казакстанда 96 922 кишинин вирус жуктуруп алганы лабораториялык түрдө тастыкталды, анын ичинен 70 680и айыкты, 1 189 киши каза болду.

XS
SM
MD
LG