Ссылки доступа

Казакстанда окуучулардын алтыдан бири гана мектепте окуйт


В Казахстане осенью в школу пойдет лишь шестая часть детей. Остальных решили учить онлайн
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:39 0:00

Казакстанда Билим берүү жана илим министрлиги бардык балдар үчүн мектептерди ачууга даяр эмес.

1-сентябрда 3 миллион 300 миң окуучунун ичинен жарым миллиону гана партага отурат: алар нөөмөт менен окуйт. Калган 2 миллион 600 миң бала дистанттык ыкма менен окууну улантат: сабактар эки мамлекеттик канал жана интернет аркылуу өтүлөт. Казакстандын жогорку окуу жайларында жана колледждеринде да окуу онлайн өтөрү күтүлүүдө.

Бул арада Алматы облусунун Каскелен шаарында окуучулар онлайн окутууга каршы нааразылык акциясын өткөрүштү. Алматыдан 30 чакырым аралыкта жайгашкан бул калаада интернет көйгөйү чоң.

Алар: "Биз оюн аянтчасын сурабайбыз. Биз ыңгайлуу шартта окууну каалайбыз. Андыктан интернетти кошуп бергиле. Интернет жок!" – деп талап кылышты.

Родители школьников в Казахстане выступили против дистанционного обучения
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, учурда жарым миллион окуучунун интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгү жок. Балдары мектепке барган 185 миң үй-бүлө, 24 миң педагог компьютерсиз отурат. Буга байланыштуу министрлик онлайн-окуу үчүн жарым миллион ноутбук жана компьютер таратууну чечти.

Учительница в Узбекистане ведет онлайн-уроки на крыше: там лучше интернет
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

XS
SM
MD
LG