Ссылки доступа

Казакстандын Семей шаарында 80ге жакын автобус айдоочусу ишке чыгуудан баш тартты


Чыгыш Казакстан облусундагы Семей шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген Semey Bus компаниясынын ондогон кызматкери каттамдарга чыгуудан баш тартып, автопарктын алдына чогулушту.

Алардын айтымында, келишим боюнча айдоочулар күнүнө 10 миң теңгеден (23 доллар) алышы керек болсо, бул айда аларга 4-5 миң теңгеден гана берилүүдө.

— Айдоочулар күнүнө 10 миң теңгеден алышы керек болчу. Мындан тышкары кондукторлорду да кыскартып, күнүнө кошумча 2,5 миң теңгеден төлөп беребиз деп убадалашкан. Бирок бул акчаны эч ким алган жок, тескерисинче айлыкты 4,5 миң теңгеге азайтып коюшту, — деди ушу тапта Semey Bus компаниясы менен соттошуп жаткан мурдагы кондуктор Наталья Борисевич.

Автопарктын алдына чогулгандар менен шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Сериккали Жуманов жолугуп, аларды тынчтандырууга аракет кылды. Ал 3-августтан бери автопаркты көзөмөлдөгөн ревизиялык комиссия иштей баштаганын билдирди.

Айдоочулар медициналык камсыздандыруу менен пенсиялык чегерүүнүн жоктугуна жана айып пулдардын көптүгүн нааразылык билдиришти. Алар кесиптик кошуун түзүлгөнүн билдирип, кол топтой башташты. Ушу тапта ага 78 киши кол койгону кабарланууда.

Semey Bus компаниясынын кызматкерлери жумуш берүүчүнүн аракеттерине каршы буга чейин да бир нече жолу нааразылык акциясына чыгышкан. 14-июлда алар айлык 10 күнгө кечиктирилгенине нааразы болуп чыгышкан. Мындан тышкары айдоочулар 49% үлүшү Семей шаардык акимчилигине таандык автопарктын ишин текшерүүнү талап кылышкан.

Видео

Видео

Айтматовдордун китепке айланган өмүрү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
XS
SM
MD
LG