Ссылки доступа

Душанбеде курулуш краны кулап, бир киши каза болду (видео)


Душанбеде курулуш краны кулап, 22 жаштагы жумушчу каза болду. Бул тууралуу Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча комитети билдирди.

Мекеменин басма сөз катчысы Умед Юсуфинин айтымында, 8-август күнү кечинде болгон кырсыктан дагы бир жумушчу оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Маалыматка караганда, «Хиштрез» компаниясына таандык 35 метрлик кран жакын жайгашкан үйлөргө кулап, чатырларын жарым-жартылай зыянга учураткан.

Бул факты боюнча тергөө иштери башталды. Ушу тапта келтирилген чыгым эсептелүүдө.

2019-жылы майда 30 метрлик кран Душанбедеги «Корвон» базарынын аймагына кулап, курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн бир нече батирин бузуп кеткен. Анда курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компания батир ээлерине компенсация төлөп берүүнү убадалаган.

Видео

Видео

Шайлоо: №2 форма добуш сатууга шарт түзөбү?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00
XS
SM
MD
LG