Ссылки доступа

Ак үйдүн алдындагы ок атуудан улам Трамптын брифинги үзгүлтүккө учурады


Президент Трамп брифинг өтүп жаткан бөлмөдөн чыгып баратат
Президент Трамп брифинг өтүп жаткан бөлмөдөн чыгып баратат

Дүйшөмбү күнү АКШнын президенти Дональд Трамптын Ак үйдөгү брифинги күтүүсүздөн үзгүлтүккө учурады.

Жашыруун кызматтын өкүлдөрүнүн коштоосунда маалымат жыйыны өтүп жаткан бөлмөдөн чыгып кеткен президент кайтып келип, Ак үйгө жакын жерде ок атышуу болгонун билдирди.

Трамптын айтымында, Жашыруун кызматтын өкүлү куралдуу адамды көздөй ок аткан. Өлкө жетекчилигин кайтарган мекеме бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Ушу тапта Жашыруун кызматтын өкүлү менен ок жеген киши ооруканада.

Маалыматтарга караганда, Ак үйдүн аймагына чоочун эч ким кирген эмес жана анда иштеген кызматкерлердин эч кимисине коркунуч жаралган жок.

Брифингге катышып жаткан журналисттердин айтымында, президент сүйлөй баштагандан көп өтпөй атышуунун үнү угулган. Жашыруун кызматтын өкүлү Трампка Ак үйдүн жанындагы атышуу тууралуу маалымат бергенден кийин ал бөлмөдөн чыгып кеткен. Бир нече мүнөттөн кийин президент кайтып келип, маалымат жыйынын уланткан.

Жашыруун кызмат кийинчерээк тараткан маалыматка ылайык, кечки саат алтыга жакын 51 жаштагы киши Ак үй кварталындагы жерде нөөмөттө турган кызматкерге келип, куралы бар экенин айткан. Андан соң ал койнунан бир нерсе алып чыгып, «тапанча менен ок атчудай абалда туруп калган».

Associated Press агенттиги өз булактарына таянып, шектүү оор абалда ооруканада жатканын билдирди. Тергөөчүлөр анын эмнеге мындай кадамга барганын, психикалык оорулуу-оорулуу эмес экенин аныктоого аракет кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG