Ссылки доступа

ЕБ Беларуска санкция киргизиши мүмкүн экенин эскертти


Минск шаарындагы нааразылык акциялар

Европа биримдиги (ЕБ) Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого, нааразылык акциялардын катышуучуларына карата күч колдонууга жана негизсиз кармоолорго жооптуу болгон бийлик өкүлдөрүнө каршы санкция киргизиши мүмкүн.

Бул тууралуу шейшемби күнү ЕБдин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррель билдирди.

Анын айтымында, Александр Лукашенконун жеңиши менен аяктаган 9-августтагы президенттик шайлоо адилетсиз өтүп, жыйынтыктары бурмаланган. Шайлоо Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) мүчө өлкөлөр карманышы керек болгон стандарттарга жооп берген жок.

Боррель мындан тышкары Беларус бийлиги нааразылык акциялардын катышуучуларына карата күч колдонуп, кеминде бир киши өлүп, көп адам жаракат алганын белгиледи. Ал Минскти акциялар маалында кармалган бардык жарандарды тез арада бошотууга, зомбулуктун күчөшүнө жол бербөө үчүн эл менен диалогду баштоого чакырды.

Буга чейин Польша, Литва жана Украинанын тышкы иштер министрлери да беларус бийлигин жарандык коом менен тил табышууга үндөп, зарылчылык болсо сүйлөшүүгө ортомчу болууга даяр экенин билдиришкен.

Беларус БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко 80% ашык добуш менен жеңишке жеткенин жарыялаган. Бул шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деп эсептеген миңдеген адамдын нааразылык акцияларга чыгуусуна себеп болду. Бийлик аларды кууп таратып, айрымдарын кармап жатат.

Видео

Видео

Пансионаттарга эмерек жасаган эки дос
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:19 0:00
XS
SM
MD
LG