Ссылки доступа

Өзбекстанда банктардан акча алуу үчүн кишилер сааттап кезекте турушат (видео)


Өзбекстандын айрым банктарында чет өлкөдөн которулган акчаларды чыгарып алуу кайрадан кыйынчылыктарды жаратууда.

“Оздолик” радиосу билдиргендей, карантиндик чектөөлөргө карабай кишилер Сурхандарыя, Самарканд, Навои, Ташкент облустарындагы «Капиталбанк», «Ипотека банк» жана «Хамкорбанкта» сааттап кезекте турушат. Сурхандарыялык тургун 10-августта «Капиталбанктын» филиалында 170-болуп кезекке жазылганын, бирок кезек бир суткадан кийин дагы тийбегенин айтты.

– Айрым кишилер өткөн аптадан бери кезекте турат. Карантин учурунда калктын топтолушуна каршы чара көрүүнүн ордуна, банктар абалды өздөрү татаалдаштырып жиберишүүдө, – деди ал.

Бул арада Анжиян, Фергана облустарында да накталай акча чыгарууда көйгөй жаралып жатканы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Өзбекстандын Борбордук банкынын өкүлү айрым банктарда чындап эле накталай акча берүүдөй кыйынчылыктар болуп жатканын мойнуна алды.

«Озодликтин» журналисти «Хамкорбанк», «Агробанк», «Халк банк» жана «Асака банкка» телефон чалып, бул кырдаал тууралуу түшүндүрмө алды. Банктын өкүлдөрү карантин маалында накталай акча түшүү азайганын тастыкташты.

«MoneyGram» системасы аркылуу которулган акчалар Өзбекстанга беш мүнөттө түшөт. Өзбекстан банктары ал каражатты өз маалында кардарларга берүүгө милдеттеме алган.

Видео

Видео

Айтматовдордун китепке айланган өмүрү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
XS
SM
MD
LG