«Айыл тургундары азык-түлүк алуу үчүн кайрадан Ашхабадга келе башташты. Мындан улам шаардыктарга нан сатып алуу кыйыныраак болууда», — деп билдирди кабарчы.
Анын айтымында, дүкөнчүлөр бир кишиге экиден ашык нан сатылбай турганын айтканына карабастан, айыл тургундары алыстан келгендигин айтып, бештен, ондон нан берүүнү өтүнүшүүдө. Буга байланыштуу айыл тургундары менен сатуучулардын жана шаардыктардын ортосунда жаңжалдар чыгып кетүүдө.
Июндун аягында түркмөн өкмөтү буудай даярдоо боюнча мамлекеттик план аткарылганын билдирген. Анда Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги быйыл өлкө боюнча 1 миллион 400 миң тонна буудай жыйналганын кабарлаган.