Ссылки доступа

Бишкекте кармалган өзбекстандык журналисттин апасы Мирзиёевге кайрылды


Бишкекте кармалган өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин апасы Гавхаржон Мадаминова өзбек президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылып, уулун бошотууну өтүндү.

Ал президентке жолдогон видеокайрылуусунда уулу «душмандарынын жалган жалаасынан улам» камакта жатканын, азыр ага «президент гана жардам бере аларын» белгилеген.

«Уулум дайыма сизди колдоп келген. «Мирзиёев болбосо эркиндикке чыкпайт элем» деп көп айтчу. Эркиндикке чыгып жатканда аны кийинки жолу өлтүрөбүз деп коркутушкан. Бул тууралуу ал сот залында да, өзүнүн видеокайрылууларында да айткан. Жардам бериңиз, уулумду жалган жалаа менен жок кылгылары келип жатат. Ага тагылып жаткан айыптоолорго макул эмесмин. Алар балама каршы атайын уюштурулган жалаа», – деди Мадаминова.

Буга чейин кыргызстандык адвокат Тимур Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирген.

Өзбекстандын укук коргоо органдары Абдуллаевди «Кара мерген» (Қора мерган) деген ысым менен «Фейсбукка» жана «Телеграмга» жарыяланып жаткан макалалардын автору деп айыптоодо. Аларда Өзбекстандын жогорку жетекчилиги, анын ичинде маркум президенттин үй-бүлөсүндөгү жаңжалдар менен коррупциялык иштер жөнүндө айтылат. Ошондой эле Шавкат Мирзиёев премьер-министр жана Жизак облусунун башчысы болуп турган кездерде жасаган делген иштер жөнүндө жазылган.

Гавхаржон Мадаминова кайрылуусунда уулу буга чейин бир нече жолу «Кара мерген» деген ысым менен жарыяланып жаткан макалаларга тиешеси жок экенин айтканын белгиледи. Анын айтымында, баласы кармалгандан кийин да Телеграм-каналда ушундай ысым менен макалалар чыгып жатат.

Бобомурод Абдуллаев Бишкекте кармалгандан кийин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары кыргыз бийлигине кайрылып, өзбек журналистин бошотууну талап кылышкан.

10-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Абдуллаевди бир айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ал 8-сентябрга чейин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде камакта болот.

XS
SM
MD
LG