Ссылки доступа

Өзбекстанда карантин мөөнөтү жети күнгө кыскартылышы мүмкүн


Өзбекстанда карантиндик борборлорго жайгаштырылган жарандар 14 эмес, жети күндөн кийин эле үйүнө чыгарыла башташы мүмкүн. Мындай чечимди Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия 12-августта кабыл алды.

Комиссиянын билдирүүсүндө Өзбекстанга чет өлкөдөн келгендерди карантинге жайгаштыруу эрежелери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен иштелип чыкканы белгиленген. Карантин мөөнөтү 14 күндү түзөт. Аны жарандар кааласа карантин борборунда же өз эсебинен мейманканада өткөрсө болот.

Комиссиянын жаңы чечимине ылайык, эгер жаран дарыгерлердин көзөмөлүндө дарылоо жана алдын алуу иш-чараларына макул болсо, ал карантинде жети күн жатат. Бул аралыкта анализи таза чыкса жаран карантиндик аймактан чыгарылат.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктургандар 32 837 кишиге жетти. Алардын ичинен 25 659у айыгып, 213 бейтап каза болду.

XS
SM
MD
LG